Cardiac surgeon Professor I. Pershukov delivered lecture to the medical students
Профессор, кардио хирург И. Першуков Медицина факультетинин студенттерине лекция окуду
Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетине келген конок-лектор Кардиология боюнча Евразия союзунун президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор, жүрөк-кан тамыр жана кардиология боюнча жогорку категориядагы хирург Игорь Першуков ректор Каныбек Исаков менен жолугушуп мындан ары да биргелешип кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Профессор, кардио хирург Игорь Першуков ОшМУга болгон иш сапарынын алкагында Медицина факультетинин студенттерине, ординатор, интерндерине 20-21-май күндөрү «Лечение больных ОКС с подъёмом сегмента ST электрокардиограммы. Базовая фармакотерапия ОКС и фармакологическая поддержка чрескожных коронарных вмешательств», «Реваскуляризация у больных ОКС с подъемом ST», «Лечение ОКС без подъема ST ЭКГ. Стратификация риска. Фармакологическая поддержка чрескожных коронарных вмешательств», «Реваскуляризация у больных ОКС без подъема ST», «Коронарная анатомия. Коронарная ангиография в диагностике ИБС», «Чрескожные коронарные вмешательства и аорто-коронарное шунтирование в лечении больных хроническими формами ИБС», «Сопроводительная медикаментозная терапия при коронарной реваскуляризации больных хроническими формами ИБС» деген темадаларда кызыктуу лекцияларын окуп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп бергендигин маалымдады. Ошондой эле мындан ары да кызматташууларды улантып, студенттерди кызыктырган лекцияларды окуп берүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Университет жетекчиси өз кезегинде профессор Игорь Першуковго ыраазычылыгын билдирдирип, мындай иш аракеттер студент, ординатор, интерндердин мыкты адис болуп чыгуусуна чоң шарт түзөөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, 2-май күнү Түркиянын Санко университетинин профессору, кардиолог Барбарос Докумачи конок-лектор катары Медицина факультетинин студенттерине лекция окуп кеткен болчу.