ОшМУнун медицина факультетинин “стоматология” кафедрасы 2001 – жылы 15 майда №75/5 буйругу менен түзүлгөн. Ал кафедраны, м.и.к., доцент Арстанбеков М.А. жетектеген. Үзгүлтүксүз жетишүүнүн жана студенттердин санынын көбөйүшүнүн натыйжасында, ОшМУнун ректорунун 2005- жылы 18- июнундагы №15 буйругу менен, стоматология факультети түзүлүп, декан болуп м.и.к., доцент Арстанбеков М.А. шайланган.
2006 – жылы 23 –августта КР Билим жана илим министрлигинин №547. буйругу менен стоматология факультети жоюулгандыгына байланыштуу стоматология кафедрасы медицина институнун тутамында калтырылган.
Учурда стоматология кафедрасында 155 жогору макала, 42 окуу материалдык колдонмо жарыяланып, аны студенттер жана врачтар пайдаланууда.
2011- жылы 28 – октябрда №574 буйрук менен стоматология кафедрасы экиге бөлүнгөн:
1.“Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедрасы, кафедра башчысы профессор Арстанбеков М.А.
2. “Хирургиялык жана курактык стоматология курсу” кафедрасы, кафедра башчысы доцент Мамажакып уулу Ж.
Кафедрада 1 “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген врачы” 1 илимдин доктору
3 илимдин кандидаттары эмгектенет.
2011- жылдын 16 –декабрынын №700 буйруктун негизинде “Ортопедиялык жана терапевтикалык стоматология” кафедрасын м.и.к., доцент Исмаилов А.А. жетектеп келет.
ОРТОПЕДИЧЕСКОЙ И ТЕРАПЕВТИЧЕСКОЙ СТОМАТОЛОГИИ
- Home
- Osh State University
- Medical faculty, Osh State University
- Departments
- BIOCHEMISTRY, PATHOPHYSIOLOGY AND PHARMACOLOGY
- ОРТОПЕДИЧЕСКОЙ И ТЕРАПЕВТИЧЕСКОЙ СТОМАТОЛОГИИ