МЕДИЦИНАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОТКОРУЛГОН НООРУЗ МАЙРАМЫ
 /  МЕДИЦИНАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНДЕ ОТКОРУЛГОН НООРУЗ МАЙРАМЫ



Кафедранын тарыхы

Биринчи жолу 1994 жылы микробиология кафедрасы болуп негиделген, анын жетекчиси болуп м.и.к.доцент Т.А.Эсенаманов эмгектенген. 1996-1997ж.ж. ушул кафедранын базасында медицина факультетинин жогорку курстагы студенттерине “Эпидемиология”, “Жугуштуу оорулар” жана “Фтизиатрия” предметтери окутулуп, 1997 жылы эпидемиология, микробиология, жугуштуу оорулар жана фтизиатрия кафедрасы болуп кайра уюштурулган. 2012 жылы медицина факультетинде кафедралар боюнча курамдык өзгөрүүлөрдөн кийин “Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар курсу” кафедрасы (ОшМунун администравтидик кеңешинин 20.02.2012ж. № 20 протоколу, ректордун 22.02.2012ж. №64 буйругу менен) жаңы статуска ээ болду. 1997 жылдан ушул мезгилге чейин кафедра башчысы болуп медицина илимдеринин доктору, профессор Тайчиев Имамназар Тайчиевич иштеп келе жатат.

Максаты

Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар предметтери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо жана билим берүүнүн заманбап стандартттарына ылайык ушул предметтер боюнча окутууну өз деңгээлинде камсыз кылуу.

Чечүүчү маселелери

· Медициналык ЖОЖдорго коюлган учурдук талаптарга ылайык эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар дисциплиналарын студенттерге жогорку деңгеелде окутуу.

· Ушул предметтерди окутуу боюнча жаңы ыкмаларды жана принциптерди ишке киргизүү.

· Окуу-усулдук жана илим-изилдөө иштерин уюштурууну илим менен практиканын жаңы жетишкендиктерине ылайыктап жүргүзүү.

· Саламаттыкты сактоо органдарына илимий жана практикалык жактан такай жардам көрсөтүп туруу.

Кафедра башчысы

Тайчиев Имамназар Тайчиевич

медицина илимдеринин доктору (2004), профессор,

КР саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери,

Россиянын табият таануу академиясынын мүчө-

корреспонденти

Тайчиев И.Т. 06.01.1954 жылы Өзгөн районунун Кенеш айылында туулган. 1969-жылы Кара-Кулжа орто мектебин аяктап Кыргыз мамлеккеттик медицина институтун (1976) жана КММИнин аспирантурасын (1988) бүтүргөн.

Дуйнөгө атактуу аалым профессор М.А.Селимовдун (Москва) жетекчилигинде кутурма оорусунун эпидемиологиясы боюнча Ташкент шаарында (1991) кандидаттык жана Алматы шаарында (2004) докторлук диссертацияларын ийгиликтүү коргогон. Ош областынын (1976-1985, 1994-2002) жана Кара-Кулжа райондук (1985-1994) санэпидстанцияларында врач-эпидемиолог, башкы врачтын орун басары, башкы врач, Ош мамлекеттик университетинин медицина институтунда (1995-2011) окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессор, декан-директордун орун басары болуп иштеген 1987 жылы Каракулжа райондук санэпидстанциясынын имаратын типтүү проект боюнча (3 этаж), 1998 жылы Ош областтык санэпидстаниянын базасында вакцина чыгаруу боюнча типтүү лабораторияны негиздеген, 1999 жылы ОшМУнун медицина факультетинде жаш окумуштуулардын жана студентердин илимий кружокторун, окуу жана илимий максаттарда колдонуу үчүн лабораториялык айбанаттардын виварийин уюштурган.

Ставрополь (1977), Москва (1979), Алматы (1983), Тбилиси (1988), Ташкент (1990) шаарларында карантиндик жана өтө коркунучтуу жугуштуу ооруларды лабораториялык аныктоо, алардын алдын алуу жана күрөшүү проблемалары, санитардык-эпидемиологиялык кызматты уюштуруу жана граждандык коргонуу маселелери боюнча квалификация жогорулатуу курстарынан өткөн.

Тайчиев И.Т., бир нече жолу Тянь-Шань жана Алай тоолорундагы чуманын жараталыш очокторун, холеранын козгочун ачык суулардан табуу боюнча экспедициялык изилдөөлөргө катышып, өз колу менен бөлүп чыгарган ошол оорулардын козгочучтары Бишкек жана Алматы шаарларында илимий тастыкталган жана топтомо жыйнактарга кирген.

Эпидемиология, вирусология, иммунология, биотехнология, микробиология жана жугуштуу оорулар жаатында адис. Жаш туулган козулардын мээсинен кутурма оорусуна каршы илимий иштелип жасалган “Лиссавак” вакцинасынын автору.

120-дан ашык илимий иштердин автору, анын ичинен 1 кыргыз тилиндеги “Эпидемиология” окуу китеби, жана илимий ачылыштын патенти, 6 усулдук сунуштар жана 4 окуу колдонмо куралдар.

Анын жетекчилигинде 2 доктордук, 1 кандидаттык диссертациялар корголду, кафедрада 3 багытта ИИИ жүргүзүлөт:

Ал “ОшМУнун жарчысы” журналынын редколлегиясынын жана окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, 12 неберенин чоң атасы.

Окуу-усулдук иштери

Кафедрада окуу-усулдук иштер боюнча жоопкерчилик милдети Жолдошов С.Т. жүктөлгөн. Жалпысынан окуу-усулдук иштерди бардык 15 окутуучу алып барат, алардын ичинен 2 илимдин доктору (Тайчиев И.Т., Жолдошов С.Т.), 2 кандидаты (Турусбекова А.К., Абдраева Б.), 1 ага окутуучу (Сариева Ж.К.) жана 10 окутуучу болуп саналышат, илимий даражалуу окутуучулардын улушу 19.9% түзөт. Жалпы ПОК курамдын 53,8% (7) айкалаштырып иштегендер түзөт. Мамлекеттик стандарт боюнча “дарылоо иши”, “педиатрия”, “стоматология” жана “медико-профилактикалык иш” адистиктери боюнча эпидемиология, микробиология, жугуштуу оорулар, иммунология жана вирусология, жалпы лабораториялык иш предметтери боюнча окуу уюштурулган. Университеттик жана факультеттик алкакта уюштурулган ачык окуу сабактары мыкты лектор жана окутуучу, окуу-усулдук комплекс кароолорго катышуу колго алынган. ПОК өз күчү менен окуу эмеректерине сарамжал мамиле кылуу, аларды косметикалык жактан ондоо, көргөзмө окуу куралдарын сан жана сапат жагынан жогорулатуу иштерин да жолго койгон. Жыл сайын чыгаруучу кафедра катарында бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациядан ийигиликтүү өткөзүү максатында аларга тийиштүү бурч уюштуруп, билимин билеттик жана тестик ыкмалар менен такай текшерип турат. Ошондой эле жалпы эле студенттердин билимининин сапатын реалдуу жогорулатуу максатында модулдук-рейтинг боюнча баалоо жагы иштиктүү колго алынган. Ар бир предмет жана ПОК боюнча жарым жылдык, окуу жылдык жетишүүнүн абсолюттук жана сапаттык көрсөткүчтөрү чыгарылып, алар боюнча тийиштүү кафедралык чечимдер кабыл алынып, жогорку инстанцияларга отчеттер жана сунуштар берилет. Акыркы жылдары бардык окутуучуларды педагогикалык курстардан өткөрүү жагы да жолго коюлду.

Тарбиялык жана коомдук иштери

Кафедранын тарбиялык жана коомдук иштери боюнча жооптуу болуп окутуучу Байгасиева А.А. дайындалган. Бул жааттагы иш чаралар жалпы университеттик жана деканаттак алкактагы иштер менен айкалышып, такай жана компаниялык мүнөздө уюштурулат жана жүргүзүлөт. Куратордук иштер окуу жылынын башынан деканат тарабынан бөлүнгөн тайпаларда жыл сайын уюштурулуп, жатаканаларды кыдыруу, сабактардан жетишүү жагын көзөмөлдөө, концерт-музейлерге саякат жасоо, ж.б., калыптарда уюштурулат. Кафедарнын окутуучулары факультеттик, университеттик комиссиялардын курамында ар түрдүү коомдук иштерге катышуу менен өздөрүнүн активдүүлүгүн дайыма кърсөтүшөт.

Илимий-изилдөө иштери

Илимий-изилдөө иштери (ИИИ) кафедранын жалпы жүргүзүп жаткан иш чараларынын негизги жана приоритеттүү бөлүгү болуп саналат. Бул багытта факультеттик ИИИ өркүндөтүү максатынды 1990-1998ж.ж. так ушул кафедранын базасында студенттик илимий ийримдер ачылып, лабораториялык айбанаттарды кармоо үчүн виварий уюштурулгун. Бул иштер кафедралык жана факультеттик деңгеелде өз жемишин берип, ИИИ андан кийинки мезгилде дүркүрөп өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Мисалы, илимий студенттик ийиримдер бардык кафедраларда, жаш окумуштуулардын кеңеши факультетте түзүлүп, жыл сайын илим жумалыгын, илимий конференцияларды тегерек столдорду, диспуттарды өткөзүү адатка айланган. Жаш окумуштуулар жана студенттер виварийден лабораториялык айбанаттарды (ак чычкандар, деңиз келемиштери, коен, ж.б.) зор кызыгуу менен алышып, эксперименталдык тажрыйбаларды такай жүргүзүп келишет.

2004 жылы И.Т.Тайчиев Алматы шаарында кутурма оорусунун эпидемиологиясы боюнча докторлук, С.Т.Жолдошов 2013-ж Бишкек шаарында сибир жарасы оорусунун клиникалык жана иммунологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча доктордук диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.

Эл аралык байланыштары

Кафедра окуу-усулдук жана илим-изилдъъ иштери боюнча тъмъндъг ЖОЖдор жана ИИИ менен байланышы бар:

  • Россия МИА М.П.Чумаков атындагы шал жана вирустук энцефалиттер ИИИ;
  • Россия МИА Н.И.Гамалея атындагы эпидемиология ИИИ;

· М.И.Тарасевич атындагы иммундук препараттарды стандартташтыруу жана къзъмълдъъ институту (Москва);

  • Л.Пастер атындагы эпидемиология жана паразитология ИИИ (Санкт-Петербург);
  • Иркутск мамлекеттик медицина университети;
  • С.И.Киров атындагы согуштук медицина академиясы (Санкт-Петербург);
  • Х.Жуматов атындагы гигиена жана эпидемиология улуттук борбору (Алматы);
  • И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясы (Бишкек);
  • Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети (Бишкек).

Stay connected with us

Rajy Sabha TV Special Report on Kyrgyzstan ... See MoreSee Less

View on Facebook
Medical faculty OshSU
International Medical Faculty OshSU
Postgraduate Medical Education Faculty
Ak - Bura Campus, Isanova street,
Microdistrict Yugo Vostok
Osh city - 723500,
Kyrgyz Republic (Kyrgyzstan)
[email protected]
https://oshmed.edu.kg

SecurityMetrics Credit Card Safe SecurityMetrics Credit Card Safe

ArabicEnglishFrenchGermanHindiItalianPersianRussianSpanishUrdu