19.04.16
Медицина факультетинин "Ички оорулар2" кафедрасында "Ачык сабактардын"2 жумалык иш-чарасы башталды.
Жогоруда аталган кафедранын окутуучусу Кочкорбаева Ж.К.,дарылоо иши ад Медицина факультетинин "Ички оорулар2" кафедрасында "Ачык сабактардын"2 жумалык иш-чарасы башталды.
Жогоруда аталган кафедранын окутуучусу Кочкорбаева Ж.К.,дарылоо иши адистиги боюнча 5лб тайпасына ачык сабак откорду.Ачык сабакка кафедра башчысы доцент Садыкова А.А., завуч Арипова Г.А., жана башка окутуучулар катышып, сабактын уюштурулушу жана журушу боюнча ой пикирлерин ортого салышты. Ачык сабак отуунун максаты студенттерге жеткиликтуу, терээн тушундуруу менен окутуучулар бири-бири менен тажырыйба алмашуусу.
Аталган кафедрада келерки аптада Арипова Г.А. ачык сабак откорушун эскертти. 17-мартта медицина факультетинин " Ички оорулар №2" кафедрасы тарабынан жарманке уюштурулду. Медицина факультетинин “Ички оорулар №2” кафедрасы тарабынан “Студенттердин өз алдынча иши” аттуу жарманке уюштурулуп, ага студенттер тарабынан жасалган ар кандай көргөзмөлөр коюлду. Баардык адистиктерде окуган студенттер катышып көргөзмөнүн жыйынтыгы студенттер жана мугалимдер тарабынан добуш берүү менен чыгарылып мыкты жасаган көргөзмө үчүн 1-2-3- даражадагы дипломдор жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Мындай көргөзмөлөр кафедра тарабынан ар жыл сайын өткөрүлүп келет, максатыбыз студенттерди сабакка болгон кызыгуусун жандандыруу, өз алдынча изденип келечекте мыкты дарыгер болушуна өбөлгө түзүү деп кошумчалай кетти кафедра башчысы Садыкова Алтынай Акбаралиевна.
үгүн 20-май 17-жыл аралыгында медицина факультеттин бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу аземи болуп өттү. Жолугушууну “Ички оорулар №2” кафедрасынын башчысы Садыкова А. А. тарабынан уюштурулуп Ош шаарында саламаттык сактоо жана ар түрдүү тармактарда иштеп жаткан 300 дөн ашуун бүтүрүүчү катышты. Кечеге ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы, доцент А.А. Аккулов, ОшМУнун сапат департаментинин башчысы,профессор М.А. Алтыбаева, Ош облустук жана шаардык саламаттык сактоонун координаторунун орун басары Ш.М.Кожобекова, Ош облустар аралык бириккен клиникалык оруканасынын директору, профессор Ш.А.Сулайманов жана медицина факультетинин өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар факультеттин деканы, профессор М.А. Арстанбеков, профессор К.А. Атаханов, доцент Т.Ш. Шайназаров , профессор Ж.Ж.Жээнбаев, профессор И.Т. Тайчиев, доцент З.А. Нуруева, Ж.А. Уметова жана кафедра башчылары, мугалимдер катышып, 22-жыл аралыгында медицина факультетинин басып өткөн жолу, тарыхы, факультетти түптөөдө болгон кыйынчылыктарга кеңири токтолуп, факультеттин тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жолугушуу аземи менен бүтүрүүчүлөрдү куттукташты. Ошондой эле ОшМУ жана 22-жылды камтыган медицина факультетинин видеоролиги көрсөтүлдү.